КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 7
КРнын салык кодексинин 337-беренесинин 6- пунктунда жергиликтүү кеңештерге айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын, кыртыштын бонитетин, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандыгы үчүн ал жеткис күчтүн таасири болгон учурлардан сырткары, календардык жыл ичинде бирден кем эмес жана үч жолудан ашырбай көбөйтүү боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу салык кызматын 22.12.2020-жылдагы № 01-12/1439 сандуу катын аткаруу боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Мамараимованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
Токтом кылат
1. КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматын 22.12.2020-жылдагы № № 01-12/1439 сандуу катынын негизиинде Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы салык кодексинин № 337 беренесинин 5-пунктунда белгиленгендей КРнын Жогорку кеңешин бийик тоолуу жана алыскы аймак жайгашкан айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн базалык ставкадан 50 пайызга жеңилдик берүүнү эске алуу менен төмөнкүдөй тартипте базалык ставка бекитилсин:
- үлүш 80,80 сом же 19,3 пайызга көбөйтүлгөн;
- кайрак 55 сом же 18,3 пайызга көбөйтүлгөн;
- чөп чабынды 60 сом же 28.4 пайызга көбөйтүлгөн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин төрагасы |
И.Ж. Эрмаматов |