Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 17-февралы № 2
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамына көрсөтүү үчүн Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдун сунушун талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айылынын жеке ишкери Баатыркулов Зайналобидин Ахматовичке, Ачык-Суу айылынын жеке ишкери Галдыбаев Жаманкул Жолчуевичке, маданияттын мыкты кызматкери Лютфилла Бусурманкул уулдарына Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
Ы.Ж. Эрмаматов |