Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 17-февралы № 7
Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетин киреше чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы А.Абдыхалилов 2021-жылга карата Жайыт комитетинин бюджеттин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт комитетинин 2021-жылга карата киреше бөлүгү 901 800 сом.
- Бодо малдын жалпы саны 3370 баш, ал эми бир башка баасы 50 сом, жалпы суммасы 168 500 сом.
- Кой,эчки жалпы 21200 баш,ал эми бир башка 10 сом жалпы суммасы 212 000 сом.
- Жылкы 590 баш, бир башка 70 сом, жалпы суммасы 41 300 сом.
- Башка райондордон келген койлор 8000 баш, бир башка 60 сом жалпы суммасы 480000 сом.
2. Жайыт комитетинин 2021-жылга карата чыгаша бөлүгү 601 200 сом
- Эмгек акы (төраганын) жалпы 252 000 сом
- 2020-ж төлөнүүчү эмгек акы- 94 360 сом.
- Социалдык чегерүү жалпы 43 470 сом
- Социалдык чегерүү (2020-жылга) жалпы 67580 сом
- Сапар чыгымдары жалпы 35 000 сом
- 2020-жылга транспорт чыгымы 22 000 сом
- Ар түрдүү чыгымдарга 7000 сом
- Чабандарды окутууга-5000 сом.
- Инфраструктура (курулмалар)- 74 790 сом.
- Айыл өкмөткө төгүлүүчү жердин ижара акысы 233 247 сом, жер салыгы жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы 67 353 сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
И.Ж Эрмаматов |