КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 17-февралы № 8
Маркумду узатуу жана той-аштардагы ашыкча чыгымдарга жол бербөө жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-28-январь күндөрү Кашка-Суу, Бурган-Суу, Кара-Кабак, Жайылма, Ачык-Суу, Кабык айылдарына өткөн элдик жыйындарынын негизине Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-28-январь күндөрү Кашка-Суу, Бурган-Суу, Кара-Кабак, Жайылма, Ачык-Суу, Кабык айылдарына өткөн элдик жыйындарынын протоколдук чечимдери ар бир айылдагы комиссия курамына аткарууга жөнөтүлсүн.
2. Ар бир айылдагы комиссия курамы той-аш жана маркум узатуудагы ашыкча чыгымдарга жол бербөөсүн көзөмөлдөсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы |
И.Ж.Эрмаматов |