Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 17-февралы № 11
Мечитке ат ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылынын “Дастан” көчөсүнүн жана жергиликтүү жамааттын аталган көчөдө курулган мечитке Сардалбек уулу Бакытбек каарынын атын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы кезектеги биринчи сессиясы
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылынын “Дастан” көчөсүндөгү мечитке Сардалбек уулу Бакытбек каарынын атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы |
И.Ж.Эрмаматов |