Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 17-февралы № 12
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кабык айылындагы “Ой” участкасына келүүчү мурдагы пайдаланып жүргөн каналды оңдоого (реконструкциялоо) жана Кабык айылындагы Кызыл-Үңкүр сайынын ичинен жарактан чыккан каналдын ордуна жаңыдан канал куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдун “Ой” учаскасына канал куруу үчүн сунушун угуп, талкуулап, макулдук берүү максатында
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кабык айылындагы “Ой” участкасына келүүчү мурдагы пайдаланып жүргөн каналды оңдоого (реконструкциялоо) жана Кабык айылындагы Кызыл-/ңкүр сайынын ичинен жарактан чыккан каналдын ордуна жаңыдан канал куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы |
И.Ж.Эрмаматов |