КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2021-жылдын 25-майы № 6
Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Кашка-Суу, Ачык-Суу, Кара-Кабак, Жайылма, Кабык, Бурган-Суу айылдарынын жарандарына турак-жай салуу үчүн жер участокторунун аянтын 0,10 га аянтка түшүрүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жарандарга турак-жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүүдө участогун аянтын 0,10 га аянтка түшүрүү максатында Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши
Токтом кылат
1. Турак-жай салуу үчүн жер аянттарынын тартыштыгына байланыштуу Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кашка-Суу, Ачык-Суу, Кабык, Жайылма, Кара-Кабак, Бурган-Суу айылдарына турак-жай куруу үчүн жарандарга бериле турган участоктун аянты 0,10 га деп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |