Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 5
Жайытка чыккан малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалиловдун жайытка чыккан малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайытка чыккан малдарга төлөнүүчү салыктын көлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Чоң бодо мал топоздор үчүн - 75 сом ;
- Кой-эчки үчүн - 15 сом;
- Жылкы, эшек үчүн - 105 сом ;
Башка жактан келген кой үчүн - 70сом.
2. Жайытка чыккан малдарга төлөнүүчү төлөмдү убагында топтоо, төгүү, жоопкерчилигин алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |