Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-апрели № 182
2014-жылдын 23-декабрындагы Капиталдын эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн финансылык рынокторго шарттарды түзүү максатында финансы чөйрөсүндөгү маалыматтарды алмашуу, анын ичинде купуя маалыматтарды алмашуу жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулушу тууралуу 2018-жылдын 18-июнунда Москва шаарында кол коюлган протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 201.4-жылдын 23-декабрындагы Капиталдын эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн финансылык рынокторго шарттарды түзүү максатында финансы чөйрөсүндөгү маалыматтарды алмашуу, анын ичинде купуя маалыматтарды алмашуу жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулушу тууралуу 2018-жылдын 18-июнунда Москва шаарында кол коюлган протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |