Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 6
Жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рахмановдун билдирүүсүнө ылайык Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн “Балыкты” участогуна май куючу жай (АЗС) курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Балыкты” участогуна май куючу жай (АЗС) курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Экономика, инвестиция тартуу, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |