КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2021-жылдын 5-августу № 2
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эмгек алдыңкыларын сыйлоо жөнүндөгү Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркуловдун сунушун талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагынын төмөнкү атуулдары Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын “Ардактуу атуул” наамына көрсөтүлсүн:
- Бакиров Салайдин Жаңыбаевич -Кашка-Суу айылынын тургуну;
- Апызов Маамат -Жайылма айылынын тургуну;
- Боркошов Абдиламит Ниязович- Ачык-Суу айылынын тургуну.
2. Кашка-Суу айыл аймагынын төмөнкү атуулдары Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын “Райондун ардактуу аксакалы” наамына көрсөтүлсүн:
- Калмаматов Абдимисилим - Ачык-Суу айылынын тургуну;
- Очубеков Эсенкелди - Кашка-Суу айылынын тургуну.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |