Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХVI-сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 1
Мектеп алдындагы “Келечек үчүн билим берүү”долбоорунун негизинде кыска мөөнөттүү бала бакча (3 сааттык) ачуу боюнча ата-энелердин кайрылуусун кароо жөнүндө
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVI-сессиясы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 07.09.2020-жылдагы №03-1/4068 сандуу маалымат катын аткарууга алып жана Сайдыкум айыл өкмөтүнө караштуу №9 Ж.Асанов атындагы орто мектеби,№44 А.Жумабаеваорто мектеби жана №37 Сайдыкум орто мектептерине “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунуннегизинде мектеп алдындагы кыскы мөөнөттөгү бала бакча(3 сааттык) ачуу боюнча ата-энелердин кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнө караштуу №9 Ж.Асанов атындагы орто мектеби, №44 А.Жумабаева орто мектеби жана №37 Сайдыкум орто мектептерине “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде мектеп алдындагы кыскы мөөнөттөгү бала бакча(3 сааттык) ачылсын.
2. “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде мектеп алдындагы кыскы мөөнөттөгү бала бакчадагы(3 сааттык) балдардын коопсуздугу мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна катышууга керектүү иш кагаздарды даярдоого көмөктөшүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде мектеп алдындагы кыскы мөөнөттөгү бала бакча(3 сааттык) ачууга, №9 Ж.Асанов атындагы орто мектеби, №44 А.Жумабаева орто мектеби жана №37 Сайдыкум орто мектептеринен өзүнчө имарат же бөлмө ажыратып берүүгө, берилген имараттын айланасын жашылдандырууга, тосмолорду орнотууга, эксплуатациялык чыгымдарды төлөөгө жана квалификациялуу тарбиячылардын эмгек акысын Республикалык бюджетке этап менен киргизгенге чейин каржылоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А Ирисовко жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Турсункулов. |