Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХVI-сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 2
“Сайдыкум Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамына ылайык жана Сайдыкум айыл ймагындагы айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Сайдыкум Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча Тойчубек-Чек айылынын тургунарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Сайдыкумайылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXII-сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сайдыкум айыл аймагынын Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн алдында “Сайдыкум Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын “Сайдыкум Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде:“Сайдыкум Таза-Суу” муниципалдык ишканасы
Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие “Сайдыкум Таза-Суу”
“Сайдыкум Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын кыскартылган фирмалык аталышы
Мамлекеттик тилде:“Сайдыкум Таза-Суу” МИ
Расмий тилде аталышы: МП “Сайдыкум Таза-Суу”
2. “Сайдыкум Таза-Суу” муниципалдык ишканасыны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министирлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевке жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо учүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экндигин жана мыйзамда белгиленген учурларда,юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Турсункулов. |