Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы
2020-жылдын 19-октябры № 2
“БИО-KG”органикалык кыймыл федерациясынын Ассоциациясы”юридикалык жактардын бирикмесинин кайрылуусун бекитүү жөнүндө
“БИО-KG”органикалык кыймыл федерациясынын Ассоциациясы”юридикалык жактардын бирикмесинин 2020-жылдын 5-октябрындагы № 22 сандуу кайрылуусуна негиз Сайдыкум айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “БИО-KG”органикалык кыймыл федерациясынын Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин 2020-жылдын 5-октябрындагы № 22 сандуу кайрылуусуна негиз,айыл аймактын экономикалык жактан өнүктүрүүдө келип чыккан экономикалык маселелерди иликтеп,талкуулап,сессиянын кароосуна алып чыгуу максатында төмөнкү Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаттарынан турган комиссия түзүлсүн:
Абдраимов Токтосун Комиссиянын төрагасы
Азимкулов Мурат комиссиянын катчысы
Дөлөөталиев Жениш комиссиянын мүчөсү
Ахмедов Якупбек комиссиянын мүчөсү
Маматов Калдар комиссиянын мүчөсү
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Турсункулов. |