Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХVII-сессиясы
2020-жылдын 19-октябры № 3
“Демилгелүү жаштар”жумушчу тобунун иштеп чыккан иш-чараларын кароо жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын айылдарынын жаштарынын арасында “Демилгелүү жаштар” жумушчу тобунун, жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн талкуулап,жергиликтүү жамааттан,жаштардан, депутаттардан түшкөн ой-пикир.сунуштарын жумушчу топтун билдирүүсун эске алып, Сайдыкум айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштардын көйгөлөрүн чечүү боюнча түзүлгөн иш-чаралар Сайдыкум айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Аткарууга жооптуулар |
1. | Социалдык объектилердин алдында урналарды орнотуу | 2020-2021 | Жергиликтүү бюджет,жеке ишкерлер,эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
2. | Кыздар арасында кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө шарт түзүү | 2020-2021 | Жеке ишкерлер,эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү, Аялдар кеңеши |
3. | “Сайдыкум гүрүч” брендин жайылтуу | 2020-2022 | Жергиликтүү бюджет,жеке ишкерлер,эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
4. | Спорт залдарды спорт инвентарь менен камсыздоо | 2020-2022 | Жергиликтүү бюджет,ата-энелер,жеке ишкерлер,эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү, Мектеп директорлору |
2. Ушул токтом менен бекитилген иш-чараларды аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ирисовко милдеттендирилсин.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Турсункулов |