Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХVIII-сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 2
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсү жөнүндө
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХXVIII-сессиясы, Сайдыкум айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү жааматтын билдирүүсүнө негиз,Сайдыкум айыл өкмөтүнун Кызыл-Ай айылынын сайындагы эски МТФнын орду №28-контурундагы 5,70 га жана Чоң-Курулуш айылынын сай тарабындагы №224-контурундагы 25.0 га,Кызыл-Ай айылындагы газ трубанын үстү 6,0 га асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүүгө берүү токтотулсун,жана бул жерлерге келечекте инвестиция тартуу жолу менен социалдык объектилерди куруу үчүн берилсин.
2. Ушул токтомдо белгиленген жер аянттарын бербей токтотуп туруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнун муниципалдык мечиктеги жерлерди ижарага берүү жана баалоо боюнча комиссиянын төрайымы, айыл өкмөт башчысынын орун басары Г.Токторбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешти өнөр жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Турсункулов. |