Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХVIII-сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 5
Сайдыкум айыл аймагынын дыйкандарынын продукцияларын зыянкечтерден арылтуу максатында, агрономдордун кызматынын тарифтик баасын бекитүү жөнүндө
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Сайдыкум айылдык КеңешининVII – чакырылышынын кезектеги –XXVIII-сессиясында,Сайдыкум айыл аймагынын жер жерлердеги дыйкандардын айыл чарба продукцияларынын өндүрүүдө таза түшүм алуу,отоо чөптөрдөн,зыянкечтерден арылуу максатында агрономдун кызматынын тарифтик баасын бекитүү жөнүндөгүү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагынын жер жерлердеги дыйкандардын айыл чарба продукцияларынын өндүрүүдө таза түшүм алуу,отоо чөптөрдөн,зыянкечтерден арылуу максатында агрономдун кызматынын тарифтик баасын бекитилсин.
2. Дыйкандардын иштерин жакшыртуу жана карантиндик зыянкечтерден таза айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө,кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтик баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1-түп бакка 2 метрге чейинки 30 сом
1-түп бакка 2 метрден жогоркусу 50 сом
0.01 га жерди даарылоо үчүн 30 сом,даарысы дыйкандардын эсебинен.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолоталиевке жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Турсункулов. |