Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХVIII-сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 6
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020-жылга аткарган иштери боюнча отчету жөнундө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин, 2020-жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXVIII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020-жыл ичинде иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетине, чек араларды тактап, ижара акысын толук өндүрүүбоюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин
3. Жайыттарды деградациядан сактоо максатында, малдын санынан сапатына өтүү боюнча иш алып барылсын.
4. 2021-жылга жайыт комитетинин иш планы бекитилсин жана иш-планы боюнча иш алып баруу жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко милдеттендирилсин.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.М.Турсункулов. |