Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXVI сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 2
" Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдан калган акча каражатын 2021-жылдын бюджетине кошуп чыгымдоо жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXVI сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2020-жылдан калган жергиликтүү бюджеттиндеги 709,9миң сом, атайын каражатын 687,1 сом акча каражаты 2021-жылга түзүлгөн сметасына киргизүү жөнүндөгү Ф.Э.Б.башчысынын орун басары Н.Олжобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2020-жылдан калган жергиликтүү бюджеттиндеги 709,9миң сом, атайын каражатын 687,1 сом акча каражаты №1-2 тиркемеге ылайык бар экендиги белгиленсин.
2. 2020-жылдан калган 1397,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү түзүлгөн кошумча сметаларга негиз чыгымдарга жумшалсын.
3. Жергиликтүү бюджеттиен Р-701ден калган калдык 709,9 миң сомдун ичинен 2221 статьясына 559,9миң сом, 2721 статьясына калкка социалдык жардам 100,0миң сом, 3112 статьясына 50,0миң сом акча жумшалсын, 2021-жылдын такталган планына кошуп эсептелсин.
4. Атайын эсептик каражатта 2020-жылдан калган 687,1 миң сом акча каражаты сметага ылайык Р-701дин 2211 статьясына 0,7миң сом, Р-709дун 2213 статьясына 60,0мин сом акча, 2215статьясына 30,4миң сом акча, 2218 статьясына 500,0 миң сом, 2222статьясына 50,0 миң сом акча, 3112 статьясына 46,0 миң сом, 2020-жылдын такталган планына кошуп эсептелсин.
5. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн Ф.Э.Б. бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Масабиров |