Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXVI сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 4
“ Ар түрдүү маселеллер жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXVI сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары Г.Муркамилованын үйү күйүп кеткендигин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Г.Муркамилованын үйү күйүп кеткендигине байланыштуу үй-бүлөлүк шартын эске алып, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты материалдык колдоо катары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алып, акча каражатын бөлүп берүү жагы Ф.Э.Б.бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Масабиров |