Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик-Жон айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXVI сессиясы

2020-жылдын 30-декабры № 5

“ Ар түрдүү маселелер жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXVI сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнө жазылган Өсөрова Гулмиранын менчигиндеги жерди өз каалоосу менен муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айылындагы Э.Бакиров атындагы көчөдөгү 0,08га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.

2. Документ иштерин даярдоо жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык

кеңештин төрагасы:

 

А.Масабиров