Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXVI сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 6
“ Таштанды ташып чыгаруу жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги ХXVI сессиясы, Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан Кеңеш, Масы,- Бешик-Жон айыл өкмөттөрү арасында муниципалдык кызматташуу макулдашуулар жүргүзүлүп, таштандыларды ташып чыгаруу боюнча “Кеңеш-тазалык” муниципалдык ишканасынын полигонун ишке киргизүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбооруна Кеңеш-Масы-Бешик-Жон айыл өкмөттөрү биригип муниципалдык кызматташуу жүргүзүү максатында таштандыларды ташып чыгаруу боюнча “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасынын полигонун ишке киргизүү үчүн тапшырылган долбоордун өздүк салыма болгон 350 000(үч жүз элүү миң) сом акча каражаты 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен жергиликтүү бюджеттин денгээлдери ортосунда өткөрүлүп берилүүчү каражаттар беренесине (26311300)коюлуп, долбоордун көрсөтүлгөн талаптарынын негизинде кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетине которулуп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алып, акча каражатын бөлүп берүү жагы Ф.Э.Б.бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Масабиров |