Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 1
“Бешик-Жон айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Бешик-Жон айылдык кеңешинин регламентин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айылдык кеңешинин регламенти №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом менен иш жүргүзүү жагы айылдык кеңештин жалпы депутаттарына тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Бешик-Жон айыл аймагынын WWW.beshikjon.kg веб расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, коомдук коопсуздук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Бешик-Жон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Чолпонбаев. |