Редакцияот 19.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 19-майы № 6

“Жеке ишкерлерди колдоо жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы, Карача айылынын тургундарынан жеке ишкерлик жүргүзүүгө жер сурап кайрылган арыздары боюнча орун басар Г.Муркамилованын билдирүүсүнүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бешик-Жон айыл аймагынын экономикалык стратегиялык өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджетке кошумча булактарды табуу максатында жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүлсүн.

2. Карача айылынын тургуну Сатаров Манаска темир устакана ачып, жеке ишкерлерлик жүргүзүүсү үчүн 0,02га жер аянтын мыйзам чегинде максаттуу пайдаланууга берилсин.

3. Карача айылынын тургуну Мамырова Чолпонго аптека куруу үчүн сурап кайрылган 0,04га жер аянты мыйзам чегинде максаттуу пайдаланууга берилсин.

4. Ижарага жана сатууга бериле турган тиешелүү болгон жер аянтын мыйзам чегинде табуу жагы айыл өкмөтүнөн сунушталсын.

5. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Агрардык азык түлүк экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Чолпонбаев.