БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 8
“Жаны конуш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы, Жон айылындагы жаңы конушка ысым коюу боюнча Разаков Нарынбектин арызы боюнча Жон айылында өткөрүлгөн жаны конуш көчөсүнүн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Жон айылындагы Ош-Бишкек трасса боюндагы жаңы конушка көчө жашоочуларынын жыйынында кабыл алынган протоколунун негизинде Разаков Кубанычтын ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнү жашылдандырууга, тазалыгына, шагал төшөөгө, жалпы көчөнүн инфраструктурасына жылына бир жолу демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү, жолдорго коюлуучу табличкаларды жана үйгө берилүүчү номерлерди архитектуранын көрсөтмөсүнө негиз илдирүү, табличкаларды көрүнүктүү жана тарыхы менен жаздыруу жагы арыз ээсине тапшырылсын.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жана арыз ээлерине бирден көчүрмөлөрүн жеткирүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Агрардык азык түлүк экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Чолпонбаев. |