АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 1/1
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдын 12 айында аткарылган киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин маалыматы жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдын 12 айында аткарылган киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдын 12 айында аткарылган киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү иштери боюнча маалыматы ашык-кеми менен кабыл алынсын;
2. 2021-жыл ичинде айыл аймагынын социялдык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн стратегиясын турмушка ашырууда, сырткы инвестицияларды тартуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Аскаровго жана курулуш адисинин убактылуу милдетин аткаруучу И.Юлдашевге милдеттендирилсин;
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |