Редакцияот 21.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 21-январы № 1/2

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 13-январындагы №1 отурумдун чечимине ылайык, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1. 2021-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 79763,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2021-жылга Ала-Бука айыл өкмөтүнүн атайын төлөм каражаттарынын кирешелери жана чыгашалары 5300,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына төмөнкү милдеттерди аткаруу жүктөлсүн:

- Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана чыгымдарды пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү;

- Бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну турмушка ашыруу;

- Финансылык тартипти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу;

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.