Редакцияот 21.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 21-январы № 1/3

Ала-Бука айылынын Бак участкасындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жыл №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобонун 6-7-пунктарынын негизинде Ала-Бука айылынын айыл башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука айылынын Бак участкасындагы ички көчөгө маркум Ала-Бука айылынын айыл башчысы Таиров Абдималикдин ысымы ыйгарылсын.

2. Жаңы ысым ыйгарылган көчөгө кеткен чыгымдарды каржылоо (көчөгө атайын формадагы темир тактага көчөнүн атын жасатып илдирүү жана көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине атайын формадагы тактаны көчөнүн баш жана аяк жагына орнотуу) жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык, көчөнүн катар сандары такталып, тактачалары (табличка) белгиленсин.

4. Жаңы ысым ыйгарылган көчөнүн катар сандарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жобонун 10-пункттунда белгиленген эрежеге ылайык Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.

5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.