Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 1/6
Ала-Бука айылындагы “СИТИ ПАРК” муниципалдык ишканасын түзүүгө жана Уставын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык кеңеши, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Аскаровдун - “Айыл аймагында СИТИ ПАРК муниципалдык ишканасын түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын макулдугун эске алып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн алдында жаңы түзүлгөн “СИТИ ПАРК” муниципалдык ишканасы тууралуу сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан жактырылсын.
2. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн алдында жаңы түзүлгөн “СИТИ ПАРК” муниципалдык ишканасынын Уставы бектилип, юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |