Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 1/7
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Аскаровдун - Аширбекова Алмагүлдү Ардактуу атуулга көрсөтүү сунушу жөнүндө 2020-жылдын 16-январындагы №1/3 токтомун карап чыгып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги Iсессиясы токтом кылат:
1. Райондук билим берүү мекемесинде жаш муундарга сапаттуу билим берүү жана тарбиялоо ишинде көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалап, Аширбекова Алмагүлгө Ала-Бука айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |