АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 1/9
Муниципалдык менчикке кыймылсыз мүлктү кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык кеңеши, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин “Достук айылындагы мечети жер аянты менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндөгү” - сунушун угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдын №6 статьясын жетекчиликке алуу менен, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Достук айылындагы Ажибек-Ата-Жанигүл апа мечети 533,76м2 жер аянты менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Муниципалдык менчикке кабыл алынган мечетти жер аянты менен мамлекеттик каттоодон өткөрүү мыйзамдын №7 статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |