Редакцияот 21.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 21-январы № 1/10

Муниципалдык менчикке кыймылсыз мүлктү кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Ала-Бука айылдык кеңеши, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин “Ала-Бука айыл аймагындагы бош жаткан жер аянттарын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндөгү” - сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдын №6 статьясын жетекчиликке алуу менен, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука айыл аймагындагы Г.Алтыбаева көчөсү менен А.Өмүрзаков көчөсүнүн кесилишиндеги бош жаткан 169,78м2 жер аянты жана К.Рыскулбеков көчөсүндөгү 3000м2 жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Муниципалдык менчикке кабыл алынган жер аянттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү мыйзамдын №7 статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.