Редакцияот 21.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 21-январы № 1/11

Ала-Бука айылындагы борбордук базарды Ак-Чыбыр тилкесине которуу жөнүндө

Ала-Бука айылдык кеңеши, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин “Ала-Бука айылынын көчөлөрүндө соода-сатык менен тиричилик өткөргөн ишкерлерди Ак-Чыбыр тилкесине которуу боюнча” - сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука айылынын Т.Сартмамбетов жана М.Мамырбеков көчөлөрүндө соода-сатык менен тиричилик өткөргөн ишкерлерди Ак-Чыбыр тилкесиндеги 2133,17м2 жер аянтына которууга макулдук берилсин.

2. Ак-Чыбыр тилкесинин 2133,17м2 жер аянтына соода-сатык кылгандар үчүн шарт түзүп берүү, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.