АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 1/13
Айыл аймагында жолбун иттерди, чөөлөрдү жана карышкырлардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу токтоосуз иш аракеттерди жүргүзүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык кеңеши, Сары-Талаа айылынын айыл башчысынын “Жолбун ээси жок иттердин жана карышкырлардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу, аларды атып жок кылуу жөнүндөгү” - сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 9-декабрындагы №228-б буйругун жетекчиликке алып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарба жана үй жаныбарларынын арасында кутурма оорусуна каршы жүргүзүлүүчү комплекстүү иш чаралардын толук аткарылышын көзөмөлдөө, кароосуз калган ит, мышыктарды жана карышкырларды атып жок кылуу үчүн атайын бригадаларды түзүү жана бул иш чараларга жумшалуучу финансылык каражаттар (транспорт, күйүүчү майлар, ок-дарылар) менен камсыздоо айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |