Редакцияот 11.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 11-марты № 2/3

“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Саттаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука райондук сотунда көп жыл эмгектенген жана бир канча мекеме-ишканалардын сыйлыктарынын ээси Исмаилов Сүйүтбекге Ала-Бука айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.