Редакцияот 11.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 11-марты № 2/7

Ала-Бука водоканал муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 12 айында аткарган бардык иштеринин маалыматы жөнүндө

Ала-Бука водоканал муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Кулчиновдун 2020-жылдын 12 айында аткарган бардык иштери боюнча маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет менен өндүрүш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2021-жылдын 1-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука водоканал муниципалдык ишканасынын 2020-жылы аткарган бардык иштеринин аткарылышы жактырылсын.

 

2. 2021-жылга карата муниципалдык ишкананын штаттык бирдиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. 2021-2022-жылдары Ала-Бука айыл аймагы боюнча таза суу долбоорун ишке ашырууда башкы суу түтүктөрүнө кожолуктарды кошуу үчүн муниципалдык ишкананын нарктамасы (прейскурант) бекитилсин (тиркемеси тиркелет).

 

4. Жогорудагы Таза суу долбоорун ишке ашырууда муниципалдык ишкана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш алып баруу милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.