Редакцияот 11.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 11-марты № 2/8

Достук айылындагы насостук станцияга ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жыл №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде №2268 шайлоо округунун депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

1. Достук айылындагы насостук станцияга маркум Сыдиков Шарафиддиндин ысымы ыйгарылсын.

 

2. Насостук станцияга ыйгарылган Сыдыков Шарафиддиндин атын өзгөртүп атоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.

 

3. Сыдиков Шарафиддиндин ысымы ыйгарылган насостук станцияны мамлекеттик каттоодон өткөрүү жобонун 10-пункттунда белгиленген эрежеге ылайык Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.

 

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.