АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-марты № 2/11
Ала-Бука СИТИ ПАРК муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Ала-Бука СИТИ ПАРК муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата штаттык бирдигин бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Назаралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука СИТИ ПАРК муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата штаттык бирдиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркемеси тиркелет).
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | А.Умаров |