Редакцияот 02.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 2-апрели № 3/2

Ала-Бука техкызмат муниципалдык ишканасынын аткарган иштеринин маалыматын кабыл алуу жөнүндө

Ала-Бука техкызмат муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Турсуналиевдин 2020-жылдын 12 айында аткарган иштери боюнча маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет жана өндүрүш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2021-жылдын 1-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука техкызмат муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 12 айында аткарган иштеринин маалыматы кабыл алынсын.

 

2. 2021-жылга карата киреше жана чыгаша булактары сметанын негизинде бекитилсин.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.