АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-апрели № 3/8
Ала-Бука техкызмат муниципалдык ишканасына субсидия бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамын жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Ала-Бука техкызмат муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Турсуналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука техкызмат муниципалдык ишканасына 300,0 (үч жүз миң) сом субсидия жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн субсидия менен камсыз кылуу ФЭБнүн башчысы А.Назаралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | А.Умаров |