Редакцияот 17.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 17-июну № 3/2

Достук айылынын жаранына материалдык жардам берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде өндүрүш, курулуш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Д.Узакбаевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:

 

1. Ден-соолугуна байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган Достук айылынын тургуну Рысымбетова Бахриниса Абдираимовнага 10000 (он миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Назаралиевге жүктөлсүн.

 

3. Материалдык жардам сурап кайрылган жарандын турмуш-шарты менен жеринде танышуу айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо иштери боюнча адисине милдеттендирилсин.

 

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.