АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-июну № 3/4
Ала-Бука райондук билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдерди акчалай каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Көчөрованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Райондук билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдерди Ысык-Көл облусунда өтүүчү “ Ден-соолук 2021-жыл ” спартакияда мелдешине катышып келүүсү үчүн керектелүүчү 30000 (отуз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Назаралиевге жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |