АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-августу № 4/2
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди бекитүү жөнүндө
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди мүчө кылып бекитип берүү боюнча Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы А.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервине мүчө кылып Сарпбекова Айсулуу Абзалбековнаны жана Сайфидинова Равшаной Заирдиновналардын талапкерлиги жактырылысын.
2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жактырылган талапкерлерди бектип берүү борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |