Редакцияот 05.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тоң айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын III-сессиясы

2021-жылдын 5-июну № 10

Р.Маматовго пляжды ижарага берүү жөнүндө

Тоң айылынын тургуну Маматов Рысбектин Кекилик пляжындагы 1,35га бош жер тилкесин ижарага сурап кайрылган арызын карап жана талкуулап, Тоң айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Маматов Рысбек Амантуровичтин арызы канааттандырылып, Тоң айылынын Кекилик пляжынын 1,35 га жер тилкеси үчүн 45 000 (кырк беш миң) сом өлчөмүндө 1 (бир) жылдык мөөнөт менен туризмди өнүктүрүү багытында пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү аракеттерди көрүү жагы Тоң айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоң айыл аймагынын айылдык кеңешине жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж.Турдуев

 

Жооптуу катчы

Э.Чурекова