ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тоң айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын III-сессиясы
2021-жылдын 5-июну № 11
Д.Бекжановго пляждагы автоунаа токтотуучу жайды жана ажаатканы ижарга берүү жѳнүндѳ
Тоң айылынын тургуну Бекжанов Дастан Асантуровичтин Кекилик пляжындагы автоунаа токтотуучу жай менен ажааткананы ижарага сурап кайрылган кайрылуусун талкулап, Тоң айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бекжанов Дастан Асантуровичтин кайрылуусу канааттандырылып, Тоң айылынын Кекилик пляжындагы автоунаа токтотуучу жай менен ажааткананы 30 000(отуз миң) сом ѳлчѳмүндѳ 1(бир) жылдык мѳѳнѳт менен туризм ѳнүктүрүү багытында пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү аракеттерди кѳрүү жагы, Тоң айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткалышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы, Тоң айыл аймагынын айылдык кеңешине жүктѳлсүн.
Тѳрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы | Э.Чурекова |