Редакцияот 05.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тоң айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын III-сессиясы

2021-жылдын 5-июну № 12

2022-2023-2024-жылдарга Тоң айыл аймагынын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө

Тоң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга болжолдуу долбоорун киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө Тоң айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Тоң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин көлөмүнүн болжолу:

2022-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 7059.7 миң (жети миллион элүү тогуз миң жети жүз) сом өлчөмүндө анын ичинде теңдөөчү грант 2649,7 миң (эки миллион алты жүз кырктогуз миң жети жүз) сом жана атайын төлөм каражаты 710,0 (жети жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2023-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 7113,9 миң (жети миллион бир жүз он үч миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө анын ичинде теңдөөчү грант 2658,8 миң (эки миллион алты жүз элүү сегиз миң сегиз жүз) сом жана атайын төлөм каражаты 730,0 (жети жүз отуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2024-жылдын долбоору жалпы киреше жана чыгымдар боюнча 7145,2 миң (жети миллион бир жүз кырк беш миң эки жүз) сом өлчөмүндө анын ичинде теңдөөчү грант 2650,1 миң (эки миллион алты жүз элүү миң бир жүз) сом жана атайын төлөм каражаты 730,0 (жети жүз отуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Бюджеттин так аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоң айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Борбодоевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоң айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы-экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Ж.Турдуев

 

Жооптуу катчы

Э.Чурекова