Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII чакырылышы

2021-жылдын 29-сентябры № 9

Ичүүчү сууга кошумча түтүк тартып келүүгө макулдук берүү жөнүндө

Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 27-сентябрындагы протоколунун негизинде айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. «Ак-Суу коммуналдык чарбасы» муниципалдык ишканасына тоодогу суу топтолуучу жайдан (водозабордон) резервуарга чейин 3км, андан И.Урманаев көчөсү аркылуу Кыдыр Аке көчөсүнө чейин 3 км, баардыгы 6 км ичүүчү суунун кошумча түтүгүн тартып келүүгө макулдук берилсин.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А.И.Алмабеков