Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышы
2021-жылдын 29-сентябры № 10
Айыл ичиндеги саркынды сууларды тазалоочу жай курууга макулдук берүү жөнүндө
Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Айыл аймагынын №501 контурундагы 0,30 га жана №502 контурундагы 1,10 га, баардыгы 1,40 га жер тилкесине айыл ичиндеги саркынды сууларды тазалоочу жай курууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Тѳрага | А.И.Алмабеков |