ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-ноябры № 12
Теплоключенка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына 2022-жылга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлу №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына 2022-жылга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин
3.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын
Айылдык кеңештин төрагасы | А.И.Алмабеков |