БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 3-августу № 3/1
«Жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратууга уруксат берүү жөнундө»
Барпы айылдык кеңешинин жер жана суу чарба маселери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М. Жамгырчиевдин жана Барпы айыл өкмөтүнун башчысы Н. Сайитбековдун 03.08.2021-жылдагы № 01-16/730 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылынын насос жаны конушундагы тургундарды электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 1млн 825 миң 500 сомдук жумуштарды жасоо үчүн инженердик техникалык шарттарды жана жумушчу долбоорлорду даярдоо үчүн 2 (эки) даана трансформатор орнотууга 18м2 жер аянтын жана 42( кырк эки) даана электр мамычаларын орнотууга 42м2 жалпы 60м2 жер аянты мөөнотсүз пайдаланууга “Келечек” ААКоомуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өткөрүүгө макулдук берилген 60м2 жер аянтын тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнун башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |